Мурда соттолгон жаран "ири суммадагы акча каражатын талап кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2015-жылдын 3-ноябрында милиция кызматына арыз менен Токмок шаарынын 35 жаштагы Т.Р. аттуу тургуну кайрылган. Ал 2015-жылдын 10-сентябрында А., А., Д. аттуу жарандар тапанча менен коркутуп, аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен Токмок шаарынын токоюна алып барышканын билдирген. Ал жерден ур-токмокко алуу менен 2900 сомун тартып алып, 10 миң доллар акча каражатын талап кылышканын белгилеген.
Аталган факт боюнча “опуза талап” беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кечээ, 8-май күнү кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын мурда соттолгон 30 жаштагы Б.А. аттуу тургуну кармалган. Кылмышка шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.