ЭЛДИК КАБАР: Лейлек районунда теректер кулап, мектепти басып калды (фото)

Баткен облусундагы Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Миң-Жыгач айылында шамалдан кулаган теректер Жаш-Тилек орто мектебин басып калды. Бул тууралуу окурман WatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"8-майдан 9-майга караган түнү саат экиден бешке чейин катуу шамал жүрүп, айылыбыздагы Жаш-Тилек мектебин теректер басып калды. Мектептин чатыры жараксыз абалга келген. Мындан сырткары турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Аталган мектептин 2 класстык бөлмөсү окуганга кооптуу болууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kuba502
2016-05-09 16:36:39
Суротко да нормальный тартыш керек.Теректин кулаганынан башка корунбойт го
-3
azamat.95
2016-05-09 17:43:24
kuba502, жакшы караш керек суротту...
+3
Aduk_aksuu
2016-05-09 17:47:19
Аксууда да шамал каттуу болду , уйлордун чатырлары коп сынды
0
kepka
2016-05-09 17:50:38
Жакынырааак тартса урушабы не?
-1
jyldyza_s
2016-05-09 20:58:06
Ishiner kancha zato terek tushupturgo
0
Ulan_eshbaev87
2016-05-09 22:01:07
куш ысымдуу лейлегим алтын бешигим!!!!
0
Aruwka.89
2016-05-09 23:50:43
Аий шамал катуу еле болуп атат, бизде да бугун катуу шамалдан улам бир бак сынып кетти
0
admin_portal
2016-05-11 13:01:00
bayaman9719, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан