Баткен облусунда болгон катуу шамал турак жайлардын шиферлерин учуруп кетти

Баткен облусунда болгон катуу шамалдын кесепетинен турак жайлардан жана социалдык жайлардан 4667 даана шифер зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 9-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Лейлек районунда 9-майга караган түнү саат 02:50дөн 03:50гө чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталып, бир канча объектинин чатырлары жараксыз абалга келгени белгилүү болду. Кулунду айыл аймагынан 120 турак үйдүн 1310 даана шиферин, 4 социалдык объектинин 355 даана шиферин учуруп кетти. Ошондой эле Маргун айыл аймагынан 51 турак үйдөн 687 даана шифер, 2 социалдык объектиден 40 даана шифер талкаланганы маалым болду. Буга окшогон кырсыктар аталган райондун ар бир айылында катталганы айтылууда.

Учурда жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
omuke8993
2016-05-09 19:40:09
Allax saktasyn bir tuuganym bul bolup jatkan okuialar juroktu ezet kelgile bir tuugandar namazga bekem bolgula amaldarga jarawa akybal deit baarybyzdyn jakwy amaldarybyz kop bolso buiursa bul okuialar bolboi kalat.
+2
ashir
2016-05-09 21:57:14
жакшылап шыйфырлаш керек, эки жагын тосуп дегендей
-2
Мэри
2016-05-09 22:06:32
Фундамент жок экен, дээрлик баарында, кичине сапаттуураак салышса мынчалык зыянга учурбас беле... Мен шиферлердин мык менен бекитилгенин көргөм, бала чакта, иристин размериндей төрт бурчтук брезентке окшогон материалдын үстүнөн мык кагылчу, шифер жарылып кетпес үчүн го дейм. Азыр, балким, андан сонун нерселер чыккандыр.
0
Samatov98
2016-05-09 22:18:50
Исфана шаар аймагында бак дарактар да кулаган. Ушундай табият кырсыктарынын тун ичинде болгону абдан коркунучтуу, кудай озу сактасын.
0
Gulya21
2016-05-10 01:41:06
Мына уйду камсыздандыргыла дегенде ушундайларды карап толтуруп бериш керек уйду камсыздандыр деп жон эле элдин акчасын жебей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан