1993-жылы 10-майда улуттук акча бирдигибиз – сом айлантууга киргизилген. Бул күнү Кыргыз Республикасы шериктеш өлкөлөрдүн арасынан биринчи болуп өзүнүн улуттук валютасын кабыл алган. Кыргыз валютасы "сом" аталып, ал адегенде 1, 5, 20 сомдук банкнот түрүндө чыгарылган жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акчалар колдонууга киргизилген. Башында 1 АКШ доллары 4 сомго бааланып, сомдун сатып алчу наркы жогору турган. Адистердин айтымында, улуттук валютанын кабыл алынышы эгемен өлкө үчүн революциялык тагдыр чече турган кадам болгон.