Борбор калаада алдамчылык фактыларына шектелген шаар тургуну кармалды

Борбор калаада алдамчылык фактыларына шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Сокулук районунун 47 жаштагы К.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал 22-апрель күнү Ч. аттуу таанышы ишенимине кирүү менен "бир-эки күндөн кийин кайтарып берем" деген шылтоо менен карызга 150 миң сом акча алып, кайтарып бербей жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ж.Ч. аттуу шаар тургуну кармалган. Кылмышка шектүү ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга да катыштыгы бар экени аныкталып, учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан