Аксы райондук аймактык ооруканасына Аскар Кутмановдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов SUPER.KG порталына билдирди.
"Көп жылдык эмгек тажрыйбасын эске алып, дарыгердин ысымын ыйгардык. Бул үй-бүлө ооруканага жаңы "Тез жардам" унаасын белек кылды. Ага чейин аталган оорукана эски "Тез жардам" унаасын колдонуп келген. Мындан ары ооруканага ысымы коюлган Кутмановдордун үй-бүлөсү дагы да материалдык жардам берип турары айтылды", - дейт Алтын Кутманов.
Аскар Кутманов өмүр бою саламаттыкты сактоо жаатында дарыгерлик кызматты аркалаган. Ал жүздөгөн кооптуу операцияларды жасаган эл аралык тажрыйбалуу дарыгер болгон.