Чүй облусунда мотоцикл айдоочусун унаа менен сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон жаран кармалды

Чүй облусунда мотоцикл айдоочусун унаа менен сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-май күнү саат 05:30 чамасында Чалдыбар-Бишкек унаа жолунун 89-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз унаанын айдоочусу Панфилов районунун 25 жаштагы мотоцикл айдап бараткан тургунун сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам каза болуп калган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында казакстандык жаран, Хундай унаасынын 22 жаштагы М.А. аттуу айдоочусу кармалган. Кылмышка шектүү Панфилов РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул факт боюнча транспорттук, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан