Чүй облусуна караштуу Кемин районунда 6 жүргүнчүсү менен бараткан унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Оор жаракаттардан улам бир жүргүнчүсү ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 114-чакырымында орун алган. Анда Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унааны башкарган 1952-жылы туулган Жумабек Т. аттуу айдоочу унаасы менен жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада 6 жүргүнчү болгон, алардын бири 1989-жылы туулган Калбүбү Б. ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Арадан көп өтпөй ал ооруканадан каза болуп калган.