Лейлекте терек басып калган мектепте 5 класстык бөлмө жарактан чыгып, бөлмөлөргө суу тамчылап жатат

Баткен облусундагы Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Миң-Жыгач айылындагы Жаш-Тилек орто мектебин терек басып калган. 5 класстык бөлмө жарактан чыгып, бөлмөлөргө суу тамчылап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Жаш-Тилек орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдыллаев SUPER.KG порталына билдирди.

"8-майдан 9-майга караган түнү катуу шамал болуп, мектептин чатырына 15 метр узундуктагы 3 жоон терек кулап, басып калды. Мектептин чатыры жараксыз абалга келген. Дубалдары жарылып кеткен. Бөлмөлөргө суу тамчылап жатат. Башка бөлмөлөрдө окуу кооптуу болуп жатат. Лейлек районунун акимине жана райондук билим берүү бөлүмүнө кат аркылуу кайрылганбыз. Азыркы убакта мектептин 5 класстык бөлмөсү окуганга кооптуу болууда, бирок сабактар үзгүлтүккө учураган жок. Мугалимдер түштөн кийин да сабак өтүп жатышат", - дейт Р.Абдыллаев.

Жаш-Тилек орто мектеби 1974-жылы фин тибинде курулган эски мектеп. Учурда 244 окуучу билим алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
travma
2016-05-10 11:31:10
Жогорку кенешти ушул мектебке кочуруш керек ким кошулат? 244 окуучу окуйт экен 120 и+ жардамчылары да батат
+4
kg_boy__91
2016-05-10 13:00:44
Кече кордум эле ошол мектепти
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан