Талас облусунда жер тилкелерин бөлүүдө мыйзамды одоно бузуу фактылары аныкталды

Талас облусунун Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкери "мыйзамсыз түрдө жер тилкелерин тараткан" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган кызматтын жооптуу кызматкери 2006-жылдан бери жер тилкелерин бөлүүдө мыйзамды одоно бузганы аныкталган. Кылмышка шектүү жаран 6 адамга кыймылсыз мүлк бөлүп берген. Териштирүү иштеринин алкагында ар бир жер тилкесинин бир нече ээси бар экени аныкталган. Бул факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмалык” жана “жерге байланыштуу мыйзамсыз бүтүмдөрдү каттоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан