Борбор калаада 3 унаа сүзүшүп, 4 бала ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-майда саат 10:06 чамасында Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 3 унаа сүзүшүп, алардын биринин ичинде 5 жаштан 9 жашка чейинки 4 бала ар түрдүү жаракаттарды алганын аныкташкан. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, балдар ооруканага жеткирилген.