Чүй облусунун Москва районунда белгисиз айдоочу 21 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 17:11 чамасында "Тез жардам" кызматына Чоң-Арык айылында 21 жаштагы жөө жүрүүчүнү айдоочу унаасы менен сүзүп кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер жабырлануучу көптөгөн оор жаракаттарды алганын аныкташып, ал борбордогу ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө тез арада жеткирилген.