Бишкекте Ленин РИИБинин 4-милиция бөлүмүнүн кызматкери Шамил Усубалиев жардыргыч заттан оор жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Учурда өзүнө келе элек. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Усубалиев 30-мартта Ак-Өргөө конушунда жайгашкан милиция бөлүмүнүн кире беришинен баштык таап алып, аны ачып жатканда ичиндеги катуу үн чыгаруучу жардыргыч зат жарылып кетип, колунун алаканы үзүлүп кеткен. Мындан сырткары бети кошо жабыркап, жанындагы 2 адам да оор жаракаттарды алышкан.