Бишкекте белгисиз адамдар тарабынан сабалган жарандын жаагы сынып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 9-майда 8-кичи районунда саат 23:58 чамасында 25 жаштагы шаар тургуну өз үйүнүн жанынан белгисиз адамдар тарабынан ур-токмокко алынганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган “Тез жардамдын” кызматкерлери мас абалдагы жабырлануучунун жаагы сынып, көкүрөк тарабынан жаракат алганын аныкташкан. Ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, кийин ал ооруканага жеткирилген.