Жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин Патрис Лумумба көчөсү жабылды

Жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин Патрис Лумумба көчөсү жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн Дэн Сяопин кең көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеси жабылган. Аталган бөлүккө тротуар менен түтүктөр орнотулат. Унаалардын каттоосун камсыздоо үчүн Профсоюз көчөсү ачык болот. Оңдоого алынган жердин аралыгы 2,5 чакырымды түзүп, шаар бюджетинен 114,8 миллион сом каралган.

Патрис Лумумба көчөсүндөгү оңдоо иштери ушул жылдын 31-августуна чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur0077
2016-05-10 12:39:32
Кочуктун тегерегиндей жерди 83кун ондосо,жолчулар буткон экен.Ойлонуп жатат да,кай жерден канча акча жеп калсам деп.
0
NARYNGRAD
2016-05-11 10:28:46
Көчөлөрүбүздүн эле аттары шумдук, өзүбуздүн тилибиз келбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан