Жалал-Абад облусунда 1 килограммдан ашуун баңгизат менен 49 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, 7-май күнү Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынан баңгизат менен Кара-Суу айылынын 49 жаштагы О.Б. аттуу тургуну кармалган. Анын жеке буюмдарын текшерүү маалында жалпы салмагы 1 килограмм 372 граммды түзгөн гашиш табылган. Бул факт боюнча “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.