Кыргыз Республикасында Конституция күнү, Ата Мекенди коргоочулар күнү жана Улуу Октябрь революциясы күнү майрам эмес күндөрү катары саналып башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Дастан Бекешев демилгеледи.
"Эмгек кодексинде ылайык, өлкөдө 13 күн майрам күндөрү катары саналат. Айрым майрамдар өзүнүн маанилүүлүгүн жоготуп алган. Айрыкча Ата Мекенди коргоочулар күнү (23-Февраль). Бул күн өлкөбүздө эркектердин күнү катары белгиленип калды. Мындан тышкары Конституция күнү (5-Май). Баш мыйзам бир канча жолу өзгөртүлгөнүнө байланыштуу жарандар 5-майды майрам катары эсептешпейт. Дагы бир майрам - Улуу Октябрь революциясынын күнү (7-Ноябрь). Бул күн Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасында гана майрам катары саналат, бирок үй-бүлөлөрдө белгиленбейт, жаштар бул датанын өлкөбүз үчүн тарыхый баасын билишпейт", - деп түшүндүрдү депутат.