Ак-Талаадагы мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү ата-энесинен ажыраган 4 бир тууганга үй салып жатышат (фото)

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап (тарыхый аталышы Куртка айылы) айылынын 1979-жылы туулган жигиттери ата-энесинен ажыраган бир туугандарга үй куруп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын "Куртка ынтымак коомунун" төрагасынын орун басары Замир Ыманкалиев билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү 300 миң сомдон ашуун акча каражатын топтоп, курулуш материалдарын сатып алышкан. Классташтар кеңешип, ата-энесинен айрылган 4 бир тууганды турак үй менен камсыздоону чечишти. 2 эркек, 2 кыз бир туугандар учурда атасынын агасы Табылды Черикчиевдин колунда. Алар буга чейин үйү жок болгондуктан, пилорама цехинин кароолчусунун үйүндө жашап келишкен. Т.Черикчиев дагы майыптыгы боюнча жөлөк пул алат. Үй курууга айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси берилген.

"Балдардын атасы 3 жыл мурун "Ош базарында" муздан тайып жыгылып каза болсо, апасы өткөн жылы аварияга учурап каза болгон экен. Балдарды жетим балдар үйүнө алып кетели дегенде айылдагы туугандар, жергиликтүү тургундар "эч кайда бербейбиз, балдар элдин, туугандардын арасында өссүн" деп бербей алып калышкан. Ошол томолой жетим балдардын абалын көрүп туруп 20 жылдык деп тойлогонду Кудай деле жактырбаса керек. Биз мындай аракетибиз, мамилебиз менен балдардын жүрөгүн сүйүнтүп, жашоосуна үмүт бергибиз келди. Бул соопчулук, элди ынтымакка, бири-бирибиздин жашообузга кайдыгер карабоого чакырган иш-чара.

Үйдү куруу иштерине ар бир адам колунан келген жардамын аябай берип жатат. Үй-бүлөнүн эң улуу кызы "бөбөктөрүмдү багам" деп Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштейт экен. Уул балдардын бирөө мектеп жашына жеткен болсо, бирөөсү андан да кичинекей. Азыр аларды атасынын агасы карап жатат", - деп билдирди Замир Ыманкалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
Bazana
2016-05-10 16:00:10
Ылайым силерди кудай колдосун жетимдерди ыраазы кылганыар учун окуп козумо жаш келди азаматсынар!!!
+5
urmat-87
2016-05-10 16:02:46
Аллах ыраазы болсунсизерге 20-жылдык 10-жылдык дегендердин баары ушинтип жардам беишсе кана андай көйгөйлүү нерселер абрдык жер жерлерде толтура
+5
kdatka
2016-05-10 16:34:15
мен да окуп алып козумо жаш келди,азаматсынар канча деген сооп алдынар.
+7
88inara88
2016-05-10 17:11:42
Аябай суйундум кана баары силердей болуп 10-20 жыл откорбой сооп иштерди кылса кандай чон жардамы тиймек,Аллах ишинерди илгери кылсын,бул кичинекей бобоктор кудай буйурса элге жардамы тийген ушул силерге жардам берген байкелеринердей болуп чонойгула.
+6
Seyitira8186
2016-05-10 17:20:40
Аллах ыраазы болсун.баарына сабак болгудай иш экен.азыр канчалаган байлар журот.сооп ищ эмне экенин билбей.кана эми ушундай жаштар коп болсо
+5
Nazgul83
2016-05-10 17:36:38
Алла ыраазы болсун!!!!Азаматтар
+6
Taalai94
2016-05-10 18:14:55
Алла ыраазы болсун. Ушул салтка айланып калса сонун болмокта.
+6
nurkojo
2016-05-10 18:18:24
Өмүрүңөрдөн береке тапкыла.... Накта патриот кыргызга күйгөн жигиттер экен.... Аллах силерди даражаңарды элдин арасында көтөрүп койду....
+5
munduz2016
2016-05-10 18:28:38
Азаматсынар!!!
+3
zair_ali
2016-05-10 18:30:09
Абдан сонун иш болуптур. Үлгү алчу иш. Эгерде бүтүн КЫРГЫЗСТАНдын булуң бурчтарындагы эр азамат улан кыздар ушинтип 10-20 жылдык өткөрбөй үйү жок колунда жокторго көмөк көрсөтсө кандай чоң зор иш болмок. Жардамы тийген бардык адамдардан аллах ыраазы болсун.
+3
Adidas_91
2016-05-10 19:30:57
Аллах ыразы болсун элимде ушундай ыймандууу эр жигиттер кобойо берсин оомин
+2
Shef87
2016-05-10 20:21:10
алкыш
+2
gutler
2016-05-10 21:44:26
Азамат жигиттер! Аллахым силерди колдосун. Билсенер силер эн чон сооп иш кылып жатасынар.
+2
joma.z
2016-05-11 02:57:50
Азаматсынар байкелер,мен сыймыктанам,силердей адамдар коп болсунчу,,,
+2
alhamdulillah
2016-05-11 10:07:59
Аллахтан кайтат кылган жакшылыгынар жетимдин башын сылаган кандай чон сооп ыйлап алдым жакшы иш адамды кубантат.Аллах ыраазы болсун бир туугандарым
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан