Чүй облусунда "13 жаштагы кызды пневматикалык тапанча менен аткан" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Маевка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 9-май күнү саат 12:30 чамасында 20-25 жаштардагы белгисиз адам анын дүкөнгө бара жаткан 13 жаштагы кызынын бутуна пневматикалык тапанча менен атып салганын билдирген.
Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында кылмышка шектүү катары Маевка айылынын 22 жаштагы Ю.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.