Азербайжан өлкөсүнүн Бейлаган шаарында эки мектепке Япония өкмөтү “Чөптөрдүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” деген аталыштагы долбоордун алкагында 90 миң 300 АКШ долларына жаңы ажатканаларды куруп, пайдаланууга берди.
Ажатканаларды ачуу үчүн атайын салтанаттуу азем өткөрүлдү. Салтанатка Япониянын Азербайжандагы элчиси Цугуо Такахаши, мугалимдер, окуучулар, ошондой эле бийлик өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучулары ажаткананын кызыл тасмасын кесип, аткарылган иштер менен таанышты.