ЭЛДИК ВИДЕО: Патриот өзүнүн патриот экенин сөз менен эмес, иши менен далилдейт

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө “Ким болсо да кыргыздын патриоту экен” аттуу видео жүктөлдү (ник: elgiz0890).

"Патриоттуулук деген эмне?" суроосунун айланасында акыркы учурда көп эле талкуулар болуп жатат. Ар ким бул сөздү ар кандай түшүнөт. Мекенге, эл-жерге болгон сүйүүсүн да адамдар түрдүү ыкмалар аркылуу далилдешет. Кимдир бирөө куру сөз менен айтып, иш жүзүндө эч нерсе аткарбаса, башкалар кыйкырыгы жок эле, унчукпай жасаган иш-аракети, жүрүм-туруму менен далилдешет.

Кезектеги видеодо катуу шамалда кыргыз желеги жерге учуп түшкөнү тартылган. Анда белгисиз жаран жолду кесип өтүп, жерде жаткан желекти алып, жамгыр тийбеген жерге коюп кетип калат. Интернетте мындай белгисиз патриоттун жасаган аракетин колдонуучулар кызуу талкууга алышкан. "Унчукпай ким экенин далилдеди", "Азамат! Көрүп жатып кубандык" деген ой-пикирлер айтылууда.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sherzatik
2016-05-11 03:08:07
Азамат экен! улгу алышыбыз керек экен)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан