Бүгүн, 10-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад шаарындагы курортто дарак жалбырактарын курт жеп жатканын айтып, окурманыбыз кайрылды. Анын айтымында, массалык түрдө курорт аймагындагы мисте, бадамдар жабыркоодо. Дарактарды сактап калууга шаар бийлиги чара көрбөй жатыптыр.
Дарактардын массалык түрдө курт-кумурскадан жапа чегиши Бишкек шаарында да болуп жатат. 2013-жылы жайдын ортосунда борбор шаардын дарактары күтүүсүз саргайып, жалбырактары күбүлүп түшө баштаганда мэриянын айласы кеткен. "Жашылдандыруу" ишканасынын атайын биологиялык дарылоосу да жыйынтык берген эмес. Ошондо шаардын тал-терегин курт-кумурскадан коргоо үчүн дарактарга чымын-чиркей жабышып, чыга албай кала турган желимдүү кагаздарды чаптоого аргасыз болушканы көпчүлүктүн эсинде. Бул иштерге мэрия 15 миллион сом жумшаган. Анда дарактарды зыянга учураткан америкалык ак көпөлөк экени, ал ошол жылы Чүй аймагын каптаганы айтылган. Көйгөй чечилип кеткен жок. Желимдүү кагаздарды илүү натыйжа бербегени 2014-жылы Бишкекте дарактарды коргоо темасы боюнча өткөн жыйында айтылган.
Кыргыз мамлекетинде экологияны коргоого жасалган кайдыгерлик Тамчы-Корумду трассасын кеңейтүүдө даана көрүнгөн. Транспорт жана коммуникация министрлиги Рапопорт аллеясынан 178 даракты кыюу зарылдыгын билдирип, жарандык коомдун катуу сынынан улам өкмөттүн мындай аракети токтогон. Кыйылган дарактардын ордуна жаңыларын отургузуу, өстүрүү аракети керек. "Жашылдандыруу" ишканасынын чамасы белгилүү, Бишкек шаарындагы дарактарга суу жеткире албай, адам өмүрүнө коркунуч жараткан дарактарды жок кыла албай айласы кетүүдө. Коомчулуктун аракети менен өлкөдө жыл сайын миңдеген көчөттөр отургузулат, алардын көктөп кетиши өзүнчө түйшүк. "Жашылдандыруу" мекемеси жок дегенде тигилген көчөттөрдү кууратпай өстүрүүнү колго алышы зарыл.
Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекция Сокулук районуна караштуу Тынчтык конушундагы таштанды полигону эреже бузуулар менен иштеп жатканын билдирди. Аталган жайда экологиялык нормалар сакталбай жатканы, мындан улам жугуштуу ооруларды жуктуруу коркунучу жогору экени айтылат маалыматта. Инспекция берилген тапшырмаларды аткарбай жатканы үчүн жергиликтүү бийликти сотко бермекчи.
Таштанды азабынан Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо, Алтын-Казык сыяктуу конуштардын жашоочулары да жабыркап келишет. Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын тегерегиндеги конуштарда жашагандар таштандынын жыты үйлөрдү каптап, эшик-терезелерди жаап отурушарын айтышат. Таштанды дайыма түтөп тургандыктан шамал болгондо үйлөрдү түтүн каптап, буга кошумча чымын-чиркейлер да конуш тургундарына түйшүк жаратат. Жер тилкелерин басып алуу менен пайда болгон аталган конуштардын көйгөйү чечилбеген бойдон калууда.
Аталган жайдын тегерегиндеги жерлерди жарандар Бакиевдин тушунда басып алышып, өз билемдик менен үйлөрдү салышкан. Ал аймакка жашоого мүмкүн эмес болгон, бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү инфраструктурасы жок. Жол, таза суу, мектеп, бала бакча көйгөйлөрү чечиле элек. Бийлик таштанды төгүлгөн полигондун тегерек-четин эл жашоочу пункт кыла албайт. Азыркы бийликтин алдында эки жол турат. Биринчиси - таштанды полигонун башка жакка көчүрүп, ордун тазалап жашоочуларга шарт түзүү. Буга ири суммадагы каражат кетет, өкмөттүн чамасы жетиши кыйын. Экинчиси - аталган аймактан жашоочуларды башка жакка көчүрүү. Бирок жүздөгөн үй курулуп калды, жашоочуларды мажбурлап көчүрүү аракети социалдык чыңалууну жаратат. Мындай көйгөй дагы көп убакытка созулушу мүмкүн.
Бишкектин таштанды полигону 1978-жылдан бери иштейт. Бул жайга мезгилге жараша күнүнө 5 миң метр куб же 700дөн 1500 тоннага чейин таштанды ташылып келинет. Орточо эсеп менен бул жерде 30 миллион метр кубдун тегерегинде таштанды жатат.
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында 20 жылдык жолугушуу өткөрүүчү классташтар аталган айылдагы ата-энесинен ажыраган бир туугандарга үй куруп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына демилгечилердин бири Замир Ыманкалиев билдирди. Классташтар кеңешип, топтолгон 300 миң сомду пайдалуу ишке жумшоону чечишкен. Маалыматка таянсак, жардамга муктаж балдардын атасы 3 жыл мурун, апасы былтыркы жылы каза болгон.
Мындай кайрымдуулук мурда Талас облусунда да болгон. Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы Ж.Тойчубеков атындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөндөр 10 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп беришкен. Ашыкча чыгымдарга жол бербей, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүү, албетте, жакшы жөрөлгө. Кашыктап чогулткан мүлкүн кайрымдуулукка жумшаган намыскөй элибизден айланса болот. Бирок ошол эле намысыбыз шайлоо кезинде уктап калып жатканы кейиштүү.