Токмокто "жаранды бычактап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен" деген шек менен 60 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Токмок шаарында "жаранды бычактап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен" деген шек менен 60 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга арыз менен Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну кайрылган. 50-55 жаштар чамасындагы белгисиз адам аны бычак менен кабырга тушуна сайып, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 60 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
konfetka.medik
2016-05-11 10:18:13
Kudai jazasyn bersin,murda sottolgon bolso dagy sottolgusu keliptir da,emi omur boiu erkinen ajyratyp salsyn
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан