Чүй облусунда 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Сапарбек досунун үйүнөн табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан бала 5 күн бою кошуна жашаган дос баласынын үйүндө жашап келген. Сапарбек досунун ата-энесине “Ата-энем айылга кеткен, сиздердикинде жашап турсам болобу?” деп суранганы аныкталды. Баланы ата-энеси издеп жатканын билген кошуналары уулунун дайынын билдиришкен. Учурда бала ата-энесинин жанында экендиги маалым.
Эскерте кетсек, Ак-Жар айылынын Жеңишбек Досбаев аттуу тургуну 12 жаштагы баласы 5-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.