Борбор калаада уурулук фактысына шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 53 жаштагы Т.В. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнө терезе аркылуу кирип, сыналгы, компьютер жана видеомагнитофонун алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы Т.З. жана 29 жаштагы Ж.Ч. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда иликтөө улантылууда.