Борбор калаада уурулук фактысына шектелип 24 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы Ж.К. аттуу жаран кайрылган. Ал 7-майдан 8-майга караган түнү белгисиз адамдар анын үйүнөн 9 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Б.С. аттуу Сокулук районунда жашаган Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.