Бишкекте 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысына козголгон кылмыш иши токтотулду

Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жатып кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG`ге анын жактоочусу Жыргал Бабаев билдирди.

"Мен буга чейин сотко Нурлан Шериповго карата козголгон кылмыш иштин курамында кылмыштын далилдери жок болгондуктан, ишти токтотуу өтүнүчү менен кайрылгам. 29-апрель күнү Н.Шериповго карата козголгон кылмыш иши токтотулгандыгы тууралуу белгилүү болуп, ал камактан чыгарылган. Бирок ортодо май майрамдары болуп, бир нече күнү эс алуу күндөрү болуп жарыялангандыктан, бүгүнкү күнгө чейин соттун токтому колума тие элек", - деди Бабаев.

Эскерте кетсек, 12-март күнү УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elgiz0890
2016-05-10 17:09:58
Акчадан оозуна тыктыда соттордун баягы карапайым калк жалдыраган бойдон калабыз эх ушул силердиби жеп жутарлар
+4
elchi84
2016-05-10 17:45:09
Акча бергенда соттор го
+2
Arslan12
2016-05-10 17:46:43
100мин сом акча козго корунбой калганбы,пара алып жаткан жеринен кармалса дагы, же жактоочу ортомчу болуп бергенби тушунбойсун озу бизде
+2
Eliza2012
2016-05-10 22:31:50
Ар бир адамдын озунун ою бар аны угу керек бирок акыркы кезде биздин мамлекетте эмне маселе болбосо жаман жагын алып чыгаруу туура эмес деп ойлойм,жакшы жагын кичине болсо белгилеп отуш керек го,туура чечим чыгаргандыр соттон далилдеп акыйкатка келгендир ошону да белгилеп отуу керек го.Болгону жеке менин оюм.
-1
aydarov...
2016-05-11 01:18:17
Шериповту жакшы тааныйм ал менин деканым эле убагында. Жакшы Адам билимдуу ал пара албаган киши.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан