15-майга чейин катуу жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми тоо этектеринде катуу жамгыр жаашы ыктымал. Ушундай эле аба ырайы өлкөнүн түндүк аймактарында да кармалат. Ал эми Ош, Жалал-Абад аймактарында абанын түнкү температурасы +12... +14° градус болсо, күндүз +22... +24° градус жылуу болору күтүлөт. Ал эми 15-майда күн күркүрөп, абанын температурасы өзгөрүлүп турат", - деп билдирет басма сөз кызматы.