Кемин районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна көлөмү 50 метр кубга барабар таш кулады. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 11:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында көлөмү 50 метр кубга барабар таш кулаган. Жолду тазалоого 1 жүктөгүч, 2 хово, 1 грейдер жана 8 жумушчу тартылган. "Учурда аталган жол каттамы ачык", - деп айтылат маалыматта.