Ак-Суу районунда милиция кызматкери жээнин атып, оор жаракаттан улам ал каза тапты

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда милиция кызматкери жээнин атып, оор жаракаттан улам ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-майда кечки саат жети менен сегиздин ортосунда орун алган. Анда ортодо пикир келишпестиктен улам С.Д. аттуу милиция кызматкери жээнине ок чыгарып, оор жаракаттан улам ал каза болуп калган.

"Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Эмне себептен улам мындай окуя орун алгандыгы териштирилип жатат", - деди С.Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nurik838383
2016-05-11 09:17:39
ХХХ экенсин, мына далил
+3
admin_portal
2016-05-11 12:47:52
nurik838383, мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
toni_1984
2016-05-11 09:25:18
ой тобо эмне деген шумдук я ошого урушуп атканда жанында бычак дубинка пистолет кыскасы эч нерсе жок болсо ушундай иштер болбойт адам ачусу келгенде эмне кылышын билбей анан бычактап же атып салтат да
+1
mirlan15
2016-05-11 09:47:38
А бальким коргонгондур же дардандап кеткен да ата албайсын десе атып салып !
-2
konfetka.medik
2016-05-11 10:31:04
Opkosu jok milisia eken da
+3
tim11ai
2016-05-11 15:41:11
Вый тообоо ушундай жаңылыктар качан азаят болдукен???
0
simone
2016-05-11 22:51:49
Ажалы жетиптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан