Чүй облусунда жүргөн селдин кесепетинен жер төлөлөргө суу кирип, турак жайлардын дубалдарынан жарака кетти

Чүй облусунда жүргөн селдин кесепетинен жер төлөлөргө суу кирип, турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Чүй районунун Ак-Бешим айыл аймагында кечээ, 10-майда катуу жааган жаандын кесепетинен Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чүй-Интернат айылында 3 үйдүн короосун суу каптаган. Бурана дарыясы менен Осмон каналынын кесилишиндеги жээктерди бекемдөө үчүн кум толтурулган 200 даана кап коюлду. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы №35-үйдүн ашканасынын жер төлөсүнө сел суулары кирип, пайдубалы чөгүп, дубалдардан жарака кеткен. Ошондой эле Ысык-Ата районунун Люксембург айылында 9-үйдүн короосун суу каптап, аны сордуруу иш-аракеттери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан