Борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде күйөөсү аялын бычактап салды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 10-майда саат 18:37 чамасында Келечек жаңы конушунда аялды бычактап салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 30 жаштагы аялды күйөөсү төш тарабына бычак менен сайып салганын, ошондой эле аял ээгинен жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал тез арада ооруканага жеткирилген.