Орусияга кыргыз жеринен ата-энеси менен конокко барып чарчап калган 2 жашар кыз оорудан улам каза болушу мүмкүн

Санкт-Петербург шаарына кыргыз жеринен ата-энеси менен конокко барып чарчап калган 2 жашар кыз оорудан улам каза болушу мүмкүн. Мындай жыйынтыкты дарыгерлер чыгаргандыгын жана ушул эле ойду учурда тергөөчүлөр да карманып жатышкандыгын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү аталган шаардагы Лиговкс кең көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринен ата-энеси менен конокко келген 2 жашар Зарина аттуу кыз белгисиз себептерден улам чарчап калган. Кыздын ата-энеси наристеси дем албай калганын саат 16:00 чамасында байкаган. Аталган дарекке келген дарыгерлер кыздын денесинен эч кандай жаракат же көк ала тактарды табышкан эмес.

Мамлекеттик тергөө башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, чарчап калган наристе кыргыз өлкөсүнүн жараны жана 8-май күнү 2 жашка толгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
buran12
2016-05-11 11:23:43
Байкуш Аллах озу бейиштен орун берсин!
+4
ilgis1991
2016-05-11 12:05:31
Тооба кылдым.Жалко конечно.
+1
aianaaiana
2016-05-11 12:13:11
Аллах 2 жыл гана омур берген тура.
+3
ekaterinburg
2016-05-11 12:42:42
Кудайым берди,кайра алды(((((
+3
88inara88
2016-05-11 15:13:28
Сабыр берсин апасына,жакында синдим кызын сопсоо алып кетип Новосибирге ооруп келгенден кийин учкунго жетпей каза болду,текшерсе ошол жактан канына вирус жуктуруп койгон экен.байкушум катуу кыйналды эчкимдин башына салбасын.
+1
konfetka.medik
2016-05-11 19:05:49
naristege beiiwtin torunon jai bersin,a ata enesine sabyr bersin,kudaiga kerek eken aldy da
+2
simone
2016-05-11 22:47:14
Энени баладан,баланы энеден айырый корбо Аллахым!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан