Бишкек шаарында күйөөсү менен аялы уруша кетип бири-бирин бычактап салышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 15:32 чамасында борбордогу Будённый көчөсүндө урушуп жаткан күйөөсү менен аялы бири-бирин бычактап салышканы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 37 жаштагы аял сол жак төшүнө, ал эми 41 жаштагы жаран курсак тарабына бычактан бир нече жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жеткирилишкен. Окуянын күбөлөрү бири-бирин бычактагандар аялы менен күйөөсү экенин билдиришкен.