Жумгал районундагы жер көчкү 2 миллион сомдой чыгым алып келди

30-марттагы жер көчкүнүн айынан Нарын облусунун Жумгал районундагы жети айыл электр жарыгысыз калышты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, Миң-Куш шаарчасына жакын жерден жүргөн көчкүнүн көлөмү 875 миң метр куб. Электр чубалгылары үзүлүп, жарыгы жок калган айылдар булар: Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Кызыл-Коргон, Табылгы, Кең-Суу, Арал, Котур-Суу. Жаралган көйгөйдү чечүү үчүн райондон тийиштүү топ иш жүргүзүп, Бишкектен да кошумча адистер барган. Учурда айыл элине түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Кырсыктын айынан келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 1 миллион 961 миң 700 сомду түздү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан