Бүгүн, 11-майда Ак үйдүн алдына Мырзайым Токобаева жана Гүлсүн Турсуналиева нааразычылык акциясына чыгышты. Мырзайым Токобаева SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди: "Уулумду ак жеринен 2014-жылы январда 14 жылга камап салышкан. Анысы аз келгенсип, абакта уулум токмоктолуп жатат. Мыйзамды одоно бузган Жаңыл Мамбеталиеваны жоопко тартууну талап кылабыз". Алар 10-майда ачкачылык жарыялашкан.
Маалыматка таянсак, Нуркемел Искендеров №47-абактын башчысынын орун басарына кол салууга шектелген. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырган.