Аксынын Кара-Суу айыл аймагынын эли кен казууга келген компанияны аймакка киргизбей койду. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Тилеген Керимкулов билдирди.
"Кен казууга келген компанияны айыл эли киргизбей койду, анткени "Султан Голд" компаниясына элдин ишеними жок. Тоо, таштарды талкалап, жаратылышты бузат деген ойду карманып, эл компанияны киргизбей койду. Кара-Суу айыл аймагынын Аксак-Кой тилкесинде 31 кг алтындын запасы бар", - дейт Т.Керимкулов.