Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
"Күйөөсүн өлтүргөн" деп айыпталган С.Айдай соттук отурумга алынып келинип, суракка алынууда. Ал өз сөзүндө маркум экөөнүн ортосунда эки баласы бар экенин, улуусу 4, кичүүсү 2 жашта экенин билдирди. Окуя болгонго чейин ал балдарды карап үйдө отурганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.