"Бишкектеги кафелердин биринен ири суммадагы акча салынган сумканы уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 19 жаштагы Д.Д. аттуу тургуну кайрылган. Ал саат 05:00 чамасында Шопоков көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен белгисиз адамдар 70 миң сом жана 500 доллар акча салынган сумкасын уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Ц.Д. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.