СУПЕРСТАН: "Жолдошума 100 пайыз ишенчү элем, "эркек эки жүздүү болот" деген чын экен..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жолдошуңузга ишенесизби?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен башта 100 пайыз ишенчү элем. "Эркек эки жүздүү болот" деген чын экен, мынчалык тез өзгөрөт деп ойлобоптурмун".

"Жаңы баш кошкон мезгилде жолдошумду кызганчу эмесмин. Мен аны кызганымыш болуп койсом ага жакканын байкап калгам да, ошондон кийин бир аз кызганымыш болуп койчумун. Кызгануу сезими жок болчу, азыр болсо кечиксе эле ойлорум чар тарапка чачырап кетет".

"Доверяй, но проверяй" дейт го. Эркектер көбүнчө ишенбесе керек аялына, себеби көпчүлүк эркектер "койнуңда жаткан аялың - душманың" деп билишет экен го".

"Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен" деген кеп бар. Анан да жашоонун ачуу-таттуусун көрүп калган эжелерден угуп калам, "Эркектер аябай эки жүздүү болушат, оңой эле жүз үйрүп кетишет. Баягы эле байкуш аялдар кыя албай жүрө беребиз" деп. Билбейм. Ишенем деп айта албайм".

"Ишеничтен чыга турган иш кыла элек, бирок эмнегедир ишенбейм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
lolo.1
2016-05-11 17:21:17
2 жуздуу деп айтпай тургулачы.оюм урболон дурболон бп кетип атат.мен ишенем.ынсап берсин
+4
Rednalf
2016-05-11 17:32:46
А аялдын 40 эшекке жук амалычы?Ал эки жуздуудон да жаман нерсе го.
+3
ZANIA-92
2016-05-11 18:03:44
Мен ишенем. Ошентсе да отчет алып турбасам жаным чыгып кете
+3
nargis
2016-05-11 18:55:55
Эркектин бетинде тугу бар дечуу беле ,ошон учун баарына даяр журуш керек стреске алдырбай,жок дегенде эки кундо бир кайда журдун сенсиз конулум жок деп сурамжылап коюш керекда.
+1
Ruslan4458
2016-05-11 19:28:00
Оздору эки жузду деп айтып анан кайра тошокто чогу жатасынар ойлонуп суйлосонор
+2
lolo.1
2016-05-11 19:49:59
Ruslan4458,анан чогуу жатпаганда
+1
dilnur
2016-05-11 22:27:34
erkekke iwengiche eki bosogono iwen, degen soz tuura.erkektin uzu jok
+1
samidinova84
2016-05-12 00:11:53
Чочко гана кызганбайт,а биз адам баласы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан