Индиянын Харьяна штатынын 70 жаштагы жашоочусу биринчи жолу эне статусуна ээ болду. Далжиндер Каур ушул жылдын апрель айында тун баласын жарыкка алып келген. Бирок бул тууралуу маалымат чет элдик маалымат каражаттарына эми гана билинген. Жашы улгайган аял 2 жыл бою жасалма бойго бүтүрүү боюнча окуудан өткөн соң (медицинада экстракорпоралдык уруктандыруу деп аталат) боюна бүткөн. Аялдын Каур аттуу 79 жаштагы жолдошу - баланын биологиялык атасы.
Индиялык аял дарыланган оорукананын ээси Далжиндер Каурдун эне болуу мүмкүнчүлүгү жок деп ойлогон. Бирок аялдын ден соолугунун анализдери бала көтөрүүгө жөндөмдүү деп чыккан.
Дарыгерлердин айтымына караганда, бала 2 килограмм салмакта төрөлүп, азыр ден соолугу жакшы. Алгачкы жолу эне болгон Каур журналисттерге жолдошу менен бирге жашаганына 46 жыл болуп, балалуу боло албай келишкенин, учурда бактылуу эне жашоодогу тилеги орундалганын, баланы багууда жолдошу жардам берип жатканын айткан.