Эми никеге туруп жаткан жаштар Бакыт үйүнөн ыр угуп, шакек алмашышат

Мамлекеттик каттоо кызматы никелешүү салтанатына жаңы ыкма киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-майдан тартып никелешүүнү каттоо көбүрөөк салтанаттуу маанайда өтмөкчү.

"Буга чейин жаштарды никелештирүү иш-чарасында чыгармачылык болгон эмес. Никелештирип жаткан тарап "Макулсуңбу?" деген гана суроону берген. Эми Жарандык абалдарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыр окуп беришет, анда үй-бүлөнүн баалуулугу тууралуу айтылат. Биз бул жаңылык жакшылыктар менен коштолот деген ниеттебиз", - дейт Мелис Эржигитов.

Никелешүүнүн жаңы тексти жана ыры эки тилде: мамлекеттик жана расмий тилде берилет.

"Арыбаңыздар, атпай журтум, кыргызым! Кутмандуу кечиңиздер менен, урматтуу меймандар!Саламатсыздарбы, кымбаттуу күйөө жана колукту!

Ак никенин салтанаттуу аземин,

Ак пейилден баштоо менин сунушум.

Айкөл Манас урпактары ар дайым,

Ак өргөөдөн улап келген турмушун.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын атынан бүгүн (дата, аты-жөнү) никесин салтанаттуу каттоо аземин өткөрүү мага ыйгарылган.

Урматтуу эки жаш!

Ак никени салтанаттуу бул каттоо,

Ак сүйүүнү жамандыктан аластоо.

Аскар тоодой алдыңарда зор милдет,

Ата Журттун ыйык жүгүн аркалоо!

Ошондон улам никени салтанаттуу каттоо аземинин алдында атайын сиздерге суроом бар.

Ар убакта адал болуп сүйүүгө,

Макулсузбу бирге өмүр сүрүүгө?

Күйөө, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Колукту, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Адал жашап, айкын турмуш курууга,

Макулсузбу ак никеге турууга?

Күйөө, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Колукту, сиздин жообуңуз – Ооба / жок

Анда эмесе, урматтуу эки жаш, өмүрлүк жар болушуңарды аныктап, бакыт баракчасына өз кол тамгаңыздарды жазып коюңуздар. Урматтуу күбөлөр, сиздер дагы келип өз кол тамгаңыздарды жазып коюңуздар.

Жаңы турмуш көшөгөсүн ачкыла,

Ээ болгула эч кемибес бактыга!

Шааниси ушул, мааниси ушул никенин,

Арнап келген шакектерин таккыла!

Нике шакектериңиздерди алмашып тагышып коюңуздар.

Жерди жарып чыккан суу,

Адамзатты баккан суу.

Өмүр улап оргуштап,

Өзөндөрдөн аккан суу.

Туз насиби түбөлүккө биригип,

Эки түгөй тең бөлүшүп таткан суу!

Кыргыз элибиздин наркын улап, өмүр суусун тең бөлүшүп таткыла!

Аруу болсун дилиңер,

Ачык турсун күнүңөр.

Адал болсун, ак болсун,

Арзып тапкан сүйүүңөр.

Эмесе, ардактуу ата-энелердин алдында, калайык калктын алдында өз ыктыярыңыздар менен макул тапкан никелешүүңүздөр бүгүн (дата) Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлө жөнүндө" мыйзамынын негизинде каттоодон өттү! Ушул күндөн баштап мен сиздерди жаш жубайлар деп жарыя кылам! Сиздерди чын дилимден куттуктоо менен бирге үй-бүлөңүздөрдүн алгачкы документи болгон нике күбөлүгүн тапшырайын, бул күбөлүк сиздердин өмүрүңүздөрдө биринчи жана жалгыз күбөлүк болсун!

Урматтуу меймандар, сиздердин алдыңыздарда дагы бир жаш үй-бүлө пайда болду, бул – (аты-жөнү) үй-бүлөсү. Кымбаттуу той ээлери, сиздердин өмүрүңүздө унутулгус окуя - балдарыңыздардын баш кошкон күнү менен куттуктайбыз! Урматтуу кайын эне, арнап жүргөн ак жоолугуңузду келиниңиздин башына салып коюуга толук акылуусуз!

Баяналуу жаңы үй-бүлө жаралды,

Баалагыла ушул ыйык саамды.

Түгөйсүңөр эми силер түбөлүк,

Көшөгөңөр көгөрүшүн каалайлы!

Жакшылыктар жанашсын,

Жамандыктар адашсын.

Тукуму өссүн кыргыздын,

Тукуму өссүн Манастын!"

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматы никелештирүүчү кызматкердин кийиминин жаңы үлгүсүн даярдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Uluk_Kalyev
2016-05-11 16:36:01
Турмушу бузулатурган болсо ал ырды мамлекеттик каттоо кызматкерлери он жолу окуса деле бузула беретта. эки жашка журогунон ыйман берсин
+4
san-07
2016-05-11 17:01:26
Жонле каттап койсо болотда эми ырдап сырдамыш болуп дагы акча покупке жолун табышты.
+3
Rifle_3
2016-05-11 17:13:03
san-07,жөн эле каттап да келишти го. Эми башка ыкмага өтүптүр.
+2
lolo.1
2016-05-11 17:05:00
Мынча сонун создор..
+2
DNurgiza
2016-05-11 18:06:30
биз катталып атканда, "макулсунарбы"-деп да сураган эмес...чогуу келди, демек "макул" деп ойлоду да :-)
+3
hann
2016-05-11 19:48:50
Кубанычтуу кабар. Мамлекет жаш жубайларга конул болуп баштады деп ойлоп койсо да болот. Жакшы соз жарым ырыс деп коет го.
+3
Мэри
2016-05-11 21:57:23
Жакты, текст сонун экен!
0
simone
2016-05-11 22:35:10
Эми текст жаттамай башталат экенда коллегалар
0
abusait
2016-05-12 08:07:36
Бизнеске айлантышыптырда эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан