Өлкөбүздүн экс-президенти Роза Отунбаева бүгүн, 11-майда Чоң-Алайда кол өнөрчүлөрдүн эмгеги менен таанышты. Экс-президент эл менен жолугуп, жайлоо бала бакчаларынын ишин жакшыртуу, алардын санын көбөйтүү, ошондой эле мигранттардын абалы, мектептердеги ысык тамактын сапатын жакшыртуу боюнча көйгөйлүү маселелер жөнүндө сөз кылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө райондун борборундагы мектептердин биринде сүрөт, кол өнөрчүлүк, компьютердик сабаттуулук, бүтүрүүчүлөргө кесиптик багыт берүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.