Каракалпакстандын (Өзбекстандагы автономдук республика) Нукус районунда мектеп мугалимдерине нак акча тартыш болгондуктан эмгек акынын ордуна жөжөлөр берилген. Ошондой эле аталган райондо өткөн жылы да айлык акы айыл чарба продукциялары менен берилгени кабарланат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, мугалимдерди акча ордуна жөжөлөрдү алууга мажбурлашууда. "Мектепте жөжөлөрдү маянанын ордуна мажбурлап эле берип жатышат. Базарда бир жөжө 3 миң сум (72 сом) болсо, бизге 7 миң сумдан (168 сом) эсептелди. Жалпы 20 жөжөнү 140 миң сумга (3360 сом) баалашты", - деп жергиликтүү тургун билдирген. Дагы башка тургун өткөн жылы картошка, сабиз, ашкабакты айлык катары алышканын, эгер керек болсо жөжөлөрдү базардан деле арзаныраак сатып алышарын айткан.