СУПЕРСТАН: "Баласын таштап алыска кеткендер кантет билбейм, менин балам эки күн көрбөй калса уктабайт"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Балам, балам, жан балам" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Өзүңдү алсыз сезип, күч-кубатың жоголуп, маанайың суз болуп чөккөндө, караңгы түндөгү чырактай болуп, көк асманда шоктук кылып ак булуттай желген, тазалыгы сүттөн ак, ууртунан күлкү төгүлсө баарын жууп кеткен кичинекей бөбөктөрүбүз аман болсун!"

"Менин баламдын тили сайрап турган маалы. Боюмда бар кезде ичим билинбесе да уктатам деп таптачу, атын коюп алган Адилет деп. Кийин бала ичимден өлүп, алдырганда аябай жаман болду, "Апа, Адилет кана?" деп ансайын менин жүрөгүмдү сыздатып. Азыр башка балдардай болуп туулган күнүнө оюнчук сурабай, "бала төрөп бер, атын Нурэл коём" деп отурат. Аман болсун кичинекейим, бир нерсеге дилгир, азыртан жумуш жасаганды жакшы көрөт. Баласын таштап алыска кеткендер кантет билбейм, балам мени эки күн көрбөй калса эле түнкүсүн уктабай бакырып чыгат".

"Баламдын бир сөзү эске түштү. Биз аны жыттаганда дайыма "Эмне жыттанып жатам?" деп сурайт".

"Эки балам бар, куса болуп араң жүрөм. Балдарымды эстегенде баарын таштап кетип калгым келет. Турмуш экен, балдарымдын келечеги жакшы болуш үчүн темселеп жүрөм. Өкүнүчтүүсү, кичинекей кезине, кылыктарына, ар бир кыял-жоругуна күбө боло албайм".

"Бала дегенде ичкен ашыбызды жерге коёт эмеспизби. Бул жашоодо эң эле жакының балаң болуп калат экен. Наристебиз - жашообуздун маңызы. Баарыбыздын башыбызды бириктирип, капалыктан арылтып турат. Балам үчүн жашагым келет. Ылайым баарыңар балдарыңар менен бирге болгула".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан