1-апрелде Бишкек шаарында жашаган 55 жаштагы Н.Т. аттуу аялдын алтын буюмдарын тоноп, өзүн зордуктоого шектелип 2 жаран кармалды. Бишкек шаардык ИИББинин маалыматына таянсак, окуя тууралуу жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган А.Э. жана Р.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.