Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгынан айдоочу жана жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-май күнү Ош-Бишкек унаа жолунун 405-чакырымында орун алган. Анда оор жүк ташуучу ДАФ унаасы менен Степвагон Спада үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Степвагон Спада унаасынын 1992-жылы туулган Ж. у. Нурсултан аттуу айдоочусу ооруканага жетпей каза болгон. 1994-жылы туулган Рысбек К. аттуу жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп калган. 1992-жылы туулган К. у. Каныбек аттуу жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон жана жаракат алган адамдарды унаадан алып чыгып, "Тез жардам" кызматынын унаасына салып беришкен.