Өзгөн районунда катталган жол кырсыгынан атасы менен кызы каза болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда катталган жол кырсыгынан атасы менен кызы каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-май күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 634-чакырымында Өзгөн районунда орун алган. Анда оор жүк ташуучу МАН үлгүсүндөгү унаа менен Хундай ГЕТС үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, анын кесепетинен экинчи унаанын 43 жаштагы Шералы Маматов аттуу айдоочусу жана Шералы кызы Асел аттуу кызы ооруканадан каза табышкан. Ал эми айдоочунун аялы Каныкей жана Шералы уулу Темирлан аттуу баласы оор жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган адамдарды алып чыгып, ооруканага жеткиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jemile
2016-05-12 09:05:23
Алла-алла, кудай сакта!
Бир бүтүн үй-бүлө бир заматта ойрон болду..
+7
gena_alai
2016-05-12 09:10:37
Терең кайгыруу менен көңүл айтабыз аябай өкүнүчтүү, жакындарына Аллаh сабр берсин... Ушул жол кырсыктарын болтурбоо үчүн алдын алып бийликтегилер бир чара көрүшпөйбү!? Согушта кырылгандай эле кырылып кеткели калдыкко Кыргыздар жол кырсыгынан!!!
+6
nary-beri
2016-05-12 09:17:10
өтө жаман иш болуптур
+1
ere
2016-05-12 09:32:20
кырсык каш кабактын ортосунда дейт эмеспи андыктан ар бир айдоочу жол эрежесин сактаса минтип адам омуру кыйылма эмес!!!
+4
admiral
2016-05-12 10:02:15
Адам омуру кыйылганы албетте окунучтуу. Жатткан жерлери жайлуу болсун!
+2
tapkych85
2016-05-12 10:03:15
Ар бир айдочу жоопкерчилитуу болуу зарыл. Ойдочулар эрежеге так озунорго сак болгула
+3
MIRAN
2016-05-12 10:03:23
Окунучтуу жакындарына конул айтам
+1
Nasi1981
2016-05-12 10:11:06
Кудай сакта, мындай тарткылыкты душманына да каалабайсын. Апасы менен баласы жакшы болуп кетсин. КамАЗ оз жолу менен эле бараткан окшойт, Хундайдын шоферу уктап кеткенби же шайтан шаштырганбы ажалына.?
+1
Wave.
2016-05-12 10:31:11
Аябай журогум ооруп кетти. Айланайындар, жаан чачын кундору машинаны акырын, айбалап айдагылачы. Суу болгон жол деле бир кыйла тайгак болот, кургак жолго караганда.
+2
KGstan1981
2016-05-12 14:37:44
Бизге кыргыздарга асфальт жол ото туз болсо дагын болбойт ото газды берип минишет ошол Озгондун жолу дагын туз болгону учун айдоочулар машинени бар болушунча газды берип айдашат
+1
Sadyrov_n93
2016-05-12 19:59:31
Охиий жаман окуя болуптурго,апасы менен баласына ден соолук берсин Аллахым.
0
Artur87
2016-05-12 22:04:11
Атасы апасы Жана кызы каза болуптур барпыдан облущат экен. Баласы оор реанимацияда.
0
Pes1500
2016-05-13 10:07:43
Ото окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан