Москвада 2-майда киши колдуу болуп көз жумган 24 жаштагы Актан Касымов аттуу кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, маркум Актан Касымовдун сөөгү кечээ, 11-май күнү кечинде кыргыз жерине бир туугандарынын коштоосунда алынып келинди. Бул факт боюнча учурда Москва шаарынын Рязань райондук тергөө бөлүмүндө иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин кылмыш ишин козгоо маселеси карала тургандыгы тууралуу айтылган.
Айта кетсек, маркумдун эжеси буга чейин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Москва шаарындагы эс алуучу жайлардын биринен тууганын белгисиз адамдар сабап өлтүрүп коюшканын билдирип, анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам сурап кайрылган.