Ирактын борбору Багдадда орун алган үч жардыруудан кеминде 93 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү полиция жана медицина кызматкерлерине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, алгачкы жардыруу кечээ, 11-майда аталган шаардын шииттер жашаган Садр-Сити районундагы базарда орун алган. Анда базарда эл көп чогулган маалда жеңил унаа жардырылган. Жардыруунун кесепетинен 63 адам мерт болуп, 80ден ашуун жаран ар түрдүү жаракаттарды алган. Түштөн кийин шииттер басымдуулук кылган Кадимях жана сунниттер жашаган Жамия аймактарындагы полициянын көзөмөл пункттарында дагы эки жарылуу катталып, анда 30 адам каза болгону маалым. Азыркы тапта бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алганы айтылууда. Унааларды жан кечтилер айдап барып, өздөрүн жардырып жибергендери аныкталды.